Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 1
Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү эске алынсын.
(Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылыш №VIII сессиясынын №VIII-1 токтомуна №1 тиркеме: |
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!
- Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү
планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндө
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жылдын 9 (тогуз) айы үчүн бекитилген бюджетинин планынын киреше бөлүгү 38931.2 миң сомду түзөт.
Ал эми 9 (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 40599.6 миң сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 40 599.6 миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде 42 561.2 миң сом же болбосо 1961.6 миң сомго артыкча аткарылып 104,8 % болду.
1. Атап айтсак, киреше салык планы 20438,1 миң сом болсо, аткарылганы 23504,8 миң сомду тузуп, план 2993,6 миң сомго артыкча, же 115 % ке аткарылды.
2. Бирдиктүү салык планы 298,9 миң сом болсо, аткарылганы 323,9 миң сомду түзүп, план 108,4 % ке, же 25,0 миң сомго артыкча аткарылды.
3. Патенттен тушкон салык планы 11614,1 миң сом болсо, аткарылганы 11472,8 миң сомду түзүп план 98,8 % ке, же 141,3 миң сомго кем аткарылды.
4. Кыймылсыз мүлк салыгы 760,1 миң сом болсо, аткарылганы 1139,6 миң сомду түзүп, план 149,9 % ке, же 379,5 миң сомго артыкча аткарылды.
5. Транспорт салыгы планы 1 276 миң сом болсо, аткарылганы 970,7 миң сомду түзүп, план 76 % ке, же 305,3 миң сомго аз аткарылды.
6. Жер салыгы план 1 616 миң сом болсо аткарылганы 1691,4 миң сомду түзүп, план 104,7 % ке аткарылды, же болбосо 75,4 миң сомго көп аткарылды.
7. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 322,4 миң сомду түзүп,план 107,5 % ке аткарылды, же 22,4 миң сомго артыкча аткарылды.
8. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 222,3миң сом болсо, аткарылганы 436,0 миң сомду түзүп, план 196,1 % га, же 213,7 миң сомго коп аткарылды.
9. Авто токтоочу жайдан (порковкадан) планы 470,7 миң сом болсо, аткарылганы 394,9 миң сомду түзүп, план 83,9 % ке аткарылды же 83,9 миң сомго аз аткарылды.
10. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүчү акы (Родителский взнос) планы 3435,0 миң сом болсо, аткарылганы 2225,4 миң сомду түзүп, план 64,8 % ке, же 1209,6 миң сомго аз аткарылды.
2020-жылдын 9 айына жалпы түшкөн киреше 34727,2 миң сом болсо 2021-жылдын 9 айында түшкөн жалпы киреше 42561,2 миң сом болду. 2020-жылдын 9 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 7 834,0 миң сомго киреше артыкча түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2021-жылдын 1-январына калган калдык 5 040,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021 жылдын 9 айына такталган план 38931,2 миң сом 2021-жылдын 9 айына бекитилген план 40599,6 миң сом болуп, жалпы 9 айда 42561,2 миң сомго факт такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 85,4 % ке аткарылды
704 бөлүм Экономикалык маселелер бөлүмү 70 % ке аткарылды
702 болум Өзгөчө кырдалдар бөлүмү 7,3% ке аткарылды
706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 94,6 %ке аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 23,4 % аткарылды
709бөлүм Билим берүү тармагы 73,2% аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 79,5 % аткарылды
Жалпы 81,0 % аткарылды.
Ноокат шаар мэриясынын финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы: |
М.Абдивахидов |