Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 3
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты З.Ю.Имамовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |