НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 7
Ноокат шаарына караштуу “Растишка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу “Растишка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына 706-бөлүмүнүн 2512 беренесине Ноокат шаарына караштуу “Растишка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.З.Жееналиевага тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |