Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 11

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине курула турган очок канаа үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине 2021-2022 окуу жылына күз-кыш мезгилине карата ыссык тамакты үзлүктүксүз үюштүрүү үчүн курула турган очок канаа үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине курула турган очок канаа үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 32 800 (отуз эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевге тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева