Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 12
“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 709-бөлүмүнүн 2231-беренесинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты 706-бөлүмүнүн 2224-беренесине которулуп, жылдырылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |