Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 15

Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоо, үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Н.А.Абдибаитовго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева