Редакцияот 22.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 2 отуруму

2021-жылдын 22-июну № 2/1

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүң толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгу салыктын бардык түрлөрүнүн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салдыктын бардык түрлөрүнүн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалдары талапка ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. Ижарага берилбей калган жерлердин түрлөрү боюнча кайрадан аукционго коюп толук кандуу элге бөлүп берүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Кыдыркуловга жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3. Тамарка салыгынан кимдер бошотулгандыгы жана кандай учурда атуулдар штраф төлөй тургандыгы боюнча ушул айдын жыйынтыгы менен туруктуу комиссияга билдирүү берүү айыл өкмөтүнүн салык инспектору Н.Жаныбековага тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары бюджет жана экономикалык маелелер жана аграрды маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу космиссияларга жүктөтүлсүн.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңештин төрагасы:-

 

Т.Бегматов.