Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 3 отуруму

2021-жылдын 26-августу № 3/2

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

Токтом кылат.

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро айылында, макркумдарды коюу үчүн Кытай-Дөбө участкасынын Күңгөй каналдын чыгыш тарабынан 3,0 гектар жер бөлүп берүү боюнча макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга. айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кыдыркуловга жана айыл башчы М.Алибаевга тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңештин төрагасы:-

 

Т.Бегматов