Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 3 отуруму
2021-жылдын 26-августу № 3/6
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кытай- Дөбө участкасынын Күңгөй каналдын жогорку чыгыш тарабынан 1 га жерди көрктөндүрүү үчүн чыгарылган 13.02 2018-ж №17/4 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык , берилген күндөн бери, башкача айтканда үч жыл ичинде көрктөндүрүүнү талапка ылайыкаткарбагандыгына байланыштуу
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кытай- Дөбө участкасынын Күңгөй каналдын жогорку чыгыш тарабынан 1 га жерди көрктөндүрүү үчүн чыгарылган 13.02 2018-ж №17/4 сандуу токтомун жараксыз деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т. Кыдыркуловга тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы:- |
Т.Бегматов |