КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
2021-жылдын 2-августу № 14/3
Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө
Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү сунушун карап жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандары Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүлсүн.
2. Шаар мэриясы от казандарды баланска өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегинде иштерди алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |