Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нариман айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясынын отуруму

2021-жылдын 4-марты № 36/9

“CASA-1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомну ишке ашыруу максатында ,КРНын 2013-жылдын 15-июундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (т ансформациялоо) тратиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына ылайык Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Нариман айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын мамычасын куруу үчүн Нариман айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган Каратай айылында жайгашкан № 251,254,261,291 контурларындагы жалпы аянты -1370 м2 жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытынан” жерлер категориясынан “Өнөр жайынан транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р.Нурматов