Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XXV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 7
“CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө”
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү “ № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңеши
Токтом кылат :
1. Папан айыл аймагынан өтүүчү “ CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Папан айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган №281,285,291,296,300,341,344,346,448а контурлардагы жалпысы 3103,0 чарчы метр кайрак айдоо жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мияшевге тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрагасы : |
К.Бактыбаев |