Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз онунчу (4-шайланган ) сессиясынын отуруму
2020-жылдын 16-ноябры № 10/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата кабыл алынган бюджетине Республикалык бюджеттен кошумча каражат түшкөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата 6211100 сом өлчөмүндө бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизилсин.
2. 2019-жылдын бюджетинен иштетилбей калган статьялардан 229700 сом өлчөмүндөгү акча каражаты 2020-жылдын бекитилген бюджетине кошумча каражат болуп жана республикалык бюджеттен кенже кызматкерлерине 50% дык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 77 300 сом кошумча айлык маяна сметадан сырткары келгендигине байланыштуу өзгөртүлүп толукталсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтү кызматтык автоунага муктаж болгондуктан 2019-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 229 700 сом акча каражаты , ошондой эле 2020-жылдын бюджетинин айрым үнөмдөлгөн статьяларынан 121 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Билим берүү тармагынын электр энергиясына бөлүнгөн 215 000 сом акча каражаты үнөмдөлүп калгандыгына байланыштуу , Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппаратынын 22154900 статьясына 100 000 сом, 31123210 статьясына 15 000 сом, айыл чарбасынын 22154900 статьясына 100 000 сом акча каражаты өзгөртүлүп, толукталсын.
5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 6552 881 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү 6552 881 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетине кошумча , үнөмдөлгөн каражаттарды жана иштетилбей калган статьяларды 2020-жылдын чыгашалар бөлүгү-нө бөлүштүрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Арзибековго тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет , социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иши боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |