Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясынын (4-чакырылыштагы) жыйналышы
2021-жылдын 15-январы № 11/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун жасаган маалыматты айрым кемчилдиктери менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 6399,400 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 6399,400 миң сом өлчөмүндө аткарылгадыгы белгиленсин
3. Айтылган айрым кемчилдиктерди четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин социалдык-маданий , коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |