Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясынын (4-чакырылыштагы) жыйналышы
2021-жылдын 15-январы № 11/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджеттин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга карата кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2022-2023 -жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 6 465,2 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 6 465,2 миң сомго өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын, ошондой эле айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
3. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |