Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясынын (4-чакырылыштагы) жыйналышы
2021-жылдын 15-январы № 11/3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү маалыматын угуп, айрым сунуштар менен айыл өкмөтүнүн аймагында аткарыла турган иш-чаралардын планы бекитилсин.
2. Толуктоолор жана кошумчаларды иштеп чыгуу айылдык Кеңешитин депутаттарынан жана коомчулуктан түшкөн сунуштарды эске алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |
Кеңеш айылдык кеңешинин 15.01.2021-жылдагы №11/3-токтомуна тиркеме |
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата түзгөн жеке иш-чараларынын ПЛАНЫ
№ | Алдыга коюлган милдеттер | Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну | Күтүлүүчү жыйынтык | Аткаруу мөөнөтү ( күнү , айы, жылы ) | Тиешелүү стратегиялык же программалык жана башка укуктук ченемдик актылар | Эскертүү |
1.Экономикалык тармак, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана керектүү шарттарды түзүп берүү | ||||||
1 | Салыктын кошумча булактарын көбөйтүү | Салык алынуучу субьект-терден алынан салыктык төлөмдөрүнүн өсүү тепи 2020-жылга салыштырмалуу 3%ке өстүрүү | Салык төлөөчү-лөрдүн база кеңейтилип, бюджетке кошумча акча каражаты түшөт | Ар бир кварталдын жыйынтыгы менен жана 2021-жылдын ичинде | КР “Салык” кодексинин негизинде |
|
2 | Жаңы жумуш орундарын түзүүнү уюштуруу | “Кенеш Тазалык”, “ Кенеш Таза суу” МИсын түзүү аркылуу жергиликтүү бюджеттин көлөмүн өстүрүү | Убактылуу жаңы жумуш орундары түзүлөт | Ар бир кварталдын жыйынтыгы менен жана 2021-жылдын ичинде | КРӨ “2015-2020-жылдарга карата калкты жумуш менен камсыз кылуу жөнүндөгү” токтомдун негизинде |
|
2.Айыл чарба тармагы боюнча. | ||||||
3 | Айыл аймагындагы ички арыктарды бетондоп оңдоп сугат суу менен камсыз кылуу | Кенеш айылдык аймагындагы “ Ш.Жусупов ”,”Жогорку-Талаа” участкаларына узундугу 5,5 км аралыкка ички арыктарды бетондоп оңдоо түзөп, ишке берүүнү уюштуруу ( айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана үлүш ээлеринин эсебинен 80 миң сом )
| Эшик алдын сугат суу менен камсыздалат жана эгилген жашылчаларынын түшүмдүүлүгү жогорулайт | 2021 -жылдын 1-майына чейин | КР өкмөтүнүн “Айыл чарба жана ирригациясын системалаштыруу жөнүндөгү” программасынын алкагында |
|
3.Жол, электр энергия менен камсыз кылуу тармагы боюнча |
| |||||
4 | Айыл арасындагы жолдорду калыбына келтирүү | Кенеш айылдык аймагынын Кнеш, Пор айылдарындагы ички жана чарбалык жолдорду оңдоп, түзөөдөн өткөрүү ( жергиликтүү бюджетинин эсебинен) | Элдин каттамына жакшы шарт түзүлөт | 2021-жыл ичинде | КР Өкмөтүнүн “Жол тармагын жакшыртуу жөнүндөгү” токтомуна ылайык |
|
4.Билим берүү тармагы боюнча | ||||||
5 | Балдардын билим алуусуна шарттарды түзүүнү уюштуруу | Кенеш айылдык аймагынын Пор айылындагы Т.Сыдыков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү (КРнын дем берүүчү гранттын эсебинен 3 млн сом, жеригилик-түү бюджеттин эсебинен 527 563 сом, жалпы 3 млн 527 563 сом ) | Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт | 2021-жылдын 1-августуна чейин | КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык |
|
6 | Айылдык аймакта жайгашкан мектептердин парта, стулун жаңылоо | Ж.Акматалиев, Т.Сыдыков атындагы орто мектептеринин парта стулун жаныдан коюуну уюштуруу окуучулардын билим алуусуна шарттарды түзүү ( донолордун эсебинен ). | Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт | 2021-жыл ичи | КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык |
|
7 | Балдардын билим алуусуна шарттарды түзүүнү уюштуруу | Ж.Акматалиев атындагы орто мектебиндеги 1-4-класска чейинки окуучуларга чашке ( ысык тамак) тамак берүү үчүн шарттарды түзүү (жеригиликтүү бюлджттен 100 миң сом ). | Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт | 2021-жылдын февраль айына чейин | КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык |
|
8 | Балдар бакчасын куруу жана Жаш жеткинчектердин билим алуусуна шарттарды түзүү | Кенеш айылдык аймагындагы 2 жаштан 7 жашка чейинки жаш жеткинчектерге балдар бакчасын курулуп калса балдарга мыкты шарттар түзүлөт жана жаңы жумуш орундары түзүлөт (донолордун эсебинен) | Жаш жеткинчектердин ой жүгүртүүсүнө жана чоң ата, чоң энелерге шарттар түзүлөт | 2021-жыл ичи | КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык |
|
9 | И.Абдылдаев атындагы спорттук залдын ички эмеректер менен камсыз кылуу | И.Абдылдаев атындагы спорт залга келип машыккан өспүрүмдөргө мыкты шарттарды түзүү (донолордун эсебинен) | Өспүрүмдөрдүн райондук, облустук, республиканын деңгээлине чыгууга шарттар түзүлөт | 2021-жыл ичи | КРнын “ Спорт туризм” мыйзамынын талаптарына ылайык |
|
6.Коррупция менен күрөшүү боюнча | ||||||
10 | Коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды алып баруу | Коомчулук арасында коррупция менен күрөшүү боюнча профлактикалык иштерди жүргүзсө | Коррупцияга бөгөт коюлат | Дайыма | КРнын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык |
|
7.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча | ||||||
11 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу | Кенеш айылдык аймагынын Пор айылындагы 21 үй-бүлөсүн коопсуз жайга көчүрүп чыгуу жана көчпөгөн жарандардын сертификатын таап сотко өткөрүү боюнча чараларды көрүү | Калктын коопсуздугу камсыздалат | 2021-жылдын ичинде | КРӨнүн “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жөнүндөгү” жана КРӨнүн “Табигый кырсыктардын алдын алуу жөнүндөгү” токтомдоруна ылайык |
|
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы |
Т.Калмуратов |