КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-марты № 12/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен калдык 502781 сом акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизүү боюнча депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кенеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан 502781 сом акча каражаты айрым статьялардан үнөмдөлүп калган акча каражаты 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кирешелер бөлүгү 6 967981 сом, чыгашалар бөлүгү 6 967981 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |