Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 4-марты № 12/3

Кеңеш айылдык аймагындагы элдин үлүшүн, там артын жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча айылдык аймагы боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагындагы дыйкан чарбаларындагы , элдин үлүшү , там арты жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди так эместигин жер-жерлердеги жыйындарда айтылып, элдердин көп учурда жерлерди кайрадан инвентарзациялоо талабын эске алып, айыл аймагындагы сугат, кайрак айдоо жана чөп орунду категориясындагы жер аянттарын тактоо максатында комиссиянын курамын түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси М.Турдуевдин маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кеңеш айылдык аймагындагы элдин үлүшүн, там артын жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди инвентарзациялоо үчүн айылдык аймагы боюнча төмөндөгүдөй комиссиясынын курамын түзүлсүн;

 

1.Турдуев М.     -Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси, комиссиянын төрагасы

 

Комиссиянын мүчөлөрү ;

 

2. Чымынов Э.           - Пор айылынын башчысы,

3. Сулайманов А.        -Айыл өкмөтүнүн экономист-статисти,

4. Абдылдаев М.         - Айылдык кеңештин төрагасы ( макулдугу менен ),

5. Жунусов Ш.            - Айылдык кеңешитин депутаты,

6. Ашимов Ж.            - Айылдык кеңештин депутаты,

7. Кудайбердиев Р.      - Райондук “Кадастр” мекемесинин адиси,

8. Токоев Ж.               - Аксакалдар соту ( макулдугу менен ) ,

9. Адан уулу Б.            - Айыл өкмөтүнүн салык кызматкери,

10. Ботоев Д.              - Кеңеш айылынын тургуну ( макцулдага менен ),

11. Сулайманов Б.       - Кеңеш айылынын тургуну ( макулдугу менен ),

12. Нуруев Т.              - Пор айылынын тургуну ( макулдугу менен ),

13. Жунусов А.            - Кеңеш айылынын тургуну ( макулдугу менен ),

14. Насиров А.            - Кеңеш айылынын тургуну (макулдугу менен ),

15. Жунусов С.            - Кеңеш айылынын тургуну ( макеулдугу менен ),

16. Эдишов Т.             - Полр айылынын тургуну ( макулдугу менен ),

 

2. Жогорудагы комиссия ар бир дыйкан чарбанын жана субьектинин ( үлүш ээси ) 1994-жылдагы юридикалык документинин негизинде ( документинин мыйзамдуулугун кошо ) жер реформасына ылайык тийиштүү үлүштөрүн инвентарзациялоону камсыз кылышсын.

 

3. Пор жана Кеңеш айылдарынын үлүш ээлерин жер күбөлүгү менен камсыз кылууну айыл башчылар Э.Чымынов жана А.Сулаймановдор уюштурууну колго алышсын.

 

4. Инвентарзациялоонун жыйынтыгы менен актылап, комиссиянын корутундусун протоколдоштуруп тапшыруу жагы жер боюнча башкы адиси М.Турдуевге жана комиссиянын толук курамына тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмураовго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин агрардык, азык-түлүк,жер жана ресурстарды, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Башчы

Д.Токторов