КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-марты № 12/6
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын арызын кароо жана Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин мйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери , депутаттык этика , саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Тойчуеванын Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы Токторов Дүйшөбек Орозалиевичтин турмуш шартына байланыштуу жазган арызына карата маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы Токторов Дүйшөбек Орозалиевичтин турмуш шартына ылайык жазган арызы канаттандырылсын.
2. Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы болуп бир добуштан Абдылдаев Муратбек Ысакович шайлансын жана төраганын орун басары болуп Уланбек уулу Дөөлөтбек шайлансын.
3. Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы өз милдетин коомдук башталышта аткарат.
Төрага | Д.Токторов |