Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 14-майы № 13/1

Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 11.05.2021-жылдагы № 11-609-21 “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык ушул мыйзамдын колдонушу саясий атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы көрсөтүлгөндүгүн маалымдап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы ПЖ 17 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин” 3-главасына ылайык , жергиликтүү кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет деп белгиленгендиги түшүндүрүлөт.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-бер. 1-бөл. ылайык, декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен декларант тарабынан, анын паспорттук маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына берилет жана мыйзамдын 9-бер. 1-бөл. талаптарына ылайык , декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат деп белгиленген.

Ал эми Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 11-майында текшерүү жүргүзгөн учурда Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Матиев Нургазы Бакапович киреше, чыгаша жана мүлкү жөнүндө декларацияларын кечиктирип тапшыргандыгы белгилүү болгондугун, же болбосо 2021-жылдын 5-апрелинде тапшыргандыгын такталган.

Жогорудагы Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 11.05.2021-жылдагы № 11-609-21 сандуу “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин чыгымдарын милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык кеңештин депутаты Н.Матиевге эскертилсин.

2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарын декларацияда толук көрсөтүү жана өз мөнөтүндө тапшыруу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына ( декларантка ) жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Абдылдаев