Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXII-сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 1
“2020-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык кеңеши 2020-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9505,1 миң сомго бекитилсин. (анын ичинен 850,0 миң сом атайын каражаттан).
2. 2020-2022-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
2020-жылга 14522,8 миң сом.
2021-жылга 15380,8 миң сом.
2022-жылга 16605 миң сом божомолдуу түрдө бекитилсин.
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн вет адиси Эргешбаев Сайпидин менен түзүлгөн төлөмдүк келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын “8” 07 № 403 токтомунда көрсөтүлгөн шарттарына ылайык төлөнсүн.
4. Башкаруу аппаратынын жалпы 18 штаттык бирдиги бекитилсин, анын ичинен айыл башчысы -4, аскерге учет жүргүзүүчү -2, тейлөө кызматкери -2, төлөмдүк келишимдин негизинде -1
5. Корок айылына статус алуу үчүн документтер тапшырылгандыгына байланыштуу Корок айыл башчыга эмгек акы төлөнсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Дадабаев |