Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXII-сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 5
“Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Досбаевдин берген сунушун айылдык кеңеши карап чыгып, жайыт пайдалануучулардан салык өндүрүү максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл аймагында жайыт пайдалануучулардан жайыт салыктарын өндүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө алынсын.
а) Кара мал, жылкыга бир башына -50 (элүү) сом.
б) Кой эчкиге бир башына- 25 (жыйырма беш) сом.
3. Ал эми айыл аймагынан тышкары жактан алып келген менчик мал жана жандыктарга төмөндөгүдөй салык өлчөмдөрү киргизилсин.
а) Кара мал, жылкыга бир башына -100 (жүз) сом.
б) Кой эчкиге бир башына- 50 (элүү) сом.
4. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Досбаевге жана жардамчы эсепчи А.Солпуевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Дадабаев |