Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXIV сессиясы
2020-жылдын 11-августу № 2
«Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
Кызыл-Суу айыл аймагынын Талаа айылынын тургуну Жабиев Адилбектин жазган арызын карап чыгып, жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чайчи айылынан Талаа айылына өтүүчү жөө көпүрөгө атасынын аты берилсин.
2. Жөө көпүрөөнүн айланасын көрктөндүрүү үчүн Жабиев Адилбекке 0,10 га жер жана балык өстүрүүчү көлмө үчүн 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Көрктөндүрүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектуура башкармасынан Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жана докуметтерин бүтүрүү жагын айыл өкмөтүнүн жер адиси Адишов Эмилге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Дадабаев |