Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-сентябры № 14
Ак-Башат айыл аймагынын аймагына зоналык коэффициентти ѳзгѳртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-5-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасы Н.Садыкованын сөзүн угуп жана талкуулап, зоналык коэффициентти киргизүү жөнүндө Ак-Башат айыл аймагы, кеңеш сессиясы токтом кылат:
1. 2023-2024-жылдарга зоналык коэффициенти К-1,6 га бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | Н. Садыкова |