Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2019-жылдын 24-октябры № 15/5

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылынын И.Одонов атындагы китепканага Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн канторасынын жер аянтынан жер бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылынын И.Одонов атындагы китепканасы курулганына 13 жылдан ашты, ушул мезгилдерге чейин Гос акт алына элек себеби Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн канторасына тийиштүү жер аянттына курулгандыктан, китепканага Г ос акт алуу үчүн айыл өкмөтүнүн канторасынын жер аянттынан бөлүп берүү керектиги боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адсинин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

4. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылынын И.Одонов атындагы китепканасына Гос акт алуу үчүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн канторасынын жер аянттынан 182,00 м2 жер бөлүнүп берилсин.

 

5. Гос акт алуу үчүн тийиштүү кагаздарын бүтүрүү жана алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго милдеттендирилсин.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Матикеев