Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 180 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу төрт бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот, кездеменин узундугу 2500 миллиметр, туурасы 1500 миллиметр. Көк түстөгү жибек кездемеден даярдалат. Кездеменин ортосунда, капталдары туунун энинин үчтөн экисине барабар деп элестетилген квадратта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин символика белгисинин сүрөттөлүшү жайгашкан.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин символика белгиси көк тасма менен алкакталган көк түстөгү формада жасалган. Көк тасманын сырткы жана ички четтери сары түстө жээктелген. Тасмага кызыл түстөгү тамгалар менен: жогор жагына - "Кыргыз Республикасы" (Кыргызская Республика), ал эми төмөн жагына - "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр жазылган. Жазуулардын ортосуна оң жана сол жагынан сары түстөгү эки беш жылдыз жайгаштырылган. Тегеректин борборуна өрттөн куткаруучунун каскасынын жана шаймандарынын сүрөттөрү (балта, муз жаргыч) жайгашкан. Каска менен шаймандардын сүрөттөрүнүн төмөн жагына бүркүттүн сүрөтү тартылган. Каска менен шаймандардын сүрөттөрүнүн жогору жагына көк түстөгү жер шарынын контурунун сүрөтү жайгаштырылып, ал кызгылт сары түс менен жээктелген. Анын борборуна ак түстөгү тикесинен чоюлган сегиз бурчтук түрүндөгү Үмүттүн Ак жылдызы жайгаштырылып, анын ортосундагы кызгылт сары түстөгү тегерекке жарандык коргонуунун эл аралык айырмалоочу белгиси - бурчу жогору караган көгүлтүр тең капталдуу үч бурчтук жайгаштырылган.
Жалпысынан символика белгисинин композициясында анын мамлекеттик жана ведомстволук таандыктыгы көрүнүп турат.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси татыктуулуктун, абийирдүүлүктүн символу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органы катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атрибуту болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүндө сакталат, министрликтин ишине байланышкан салтанаттуу иш-чараларда желек алып чыгылат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратындагы жана министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн имараттарындагы атайын туу илгичке орнотулат.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин символика белгисинин сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин форма кийимдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз ишинде пайдалануучу папкаларга, конверттерге жана башка буюмдарга түшүрүлөт.
5. Тууну жана символика белгисин башка органдар, адамдар пайдалана албайт, аларды бурмалоого, бузууга жана ушул сыяктуу аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.