Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 18-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 19-апрели № 18/1
Кызыл-Жар айыл аймагына өрт өчүрүүчү ишкана куруу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл аймагына өрт өчүрүүчү ишкана куруу үчүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Тар дарыясынан, Кайың-Талаа айылына өтүүчү көпүрөөдөн, өткөндөн кийинки жерден 20 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Жар айыл аймагында өрт өчүрүүчү ишканасын куруу үчүн баардык документациясын бүтүрүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл айылдык кеңештеги агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |