Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 18-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 19-апрели № 18/2
Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайың-Талаа айыларынын элдерин жакынкы жана алыскы жайлоолорго көчүрүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайың-Талаа айыларынын элдерин жакынкы жана алыскы жайлоолорго, чыгуучулар график менен жакынкы жайттка 10-майдан 10-июнга чейин гана отурат, андан ашыкча мөөнөт жакынкы жайытта карамалышса штраф салынат (Бузуулар кодексинин негизинде). Алыскы жайлоого 10-июндан чыгып, 10-сентябрда көчүп түшүү жаты белгиленсин.
2. Жогоруда белгиленген мөөнөттөрдү так убагында аткартуу жагы Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайың-Талаа айылдарынын айыл башчылары (А.Молдошов, Р.Тезекбаев, А.Алипсатаров, М.Атыровдор) жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аппарат, маданият айыл-айылдардагы кызматкерлери элдерди көчүрүүгө жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин токтомун аткарууга алуу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевке жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башкы адиси Абдилазиз уулу Бактыбекке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |