Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 19-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 16-июну № 19/1
Кызыл-Жар айыл аймагындагы Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайын-Талаа айылдарына кызмат көрсөтүүчү кой мончо, авто машиналарды ондоочу жай куруга, Эс алуу борборун курууга жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл айылындагы Кызыл-Жар айылында жайгашкан Жан-Бакы участкасынан 40 сотых жерди эс алуучу борбор ачуу үчүн, Сай-Талаа участогунан 10 сотых жер кой мончо салууга, Күйө-Таш айылында кой мончо курууга 10 сотых жер участогун, Коо-Чаты айылына авто машиналдарды ондоочу жай курууга 10 сотых жер участогунан бөлүп берилсин.
2. Тийиштүү жактардан кагаз иштерин жасап жана Кара-Кулжа районунун Шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына Архитектуралык пландоо Шартын (АПШ) түздүртүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |