Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 23-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 8-сентябры № 23/1
Кызыл-Жар айыл аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди, айыл өкмөтүн фондунун жерлерин өз алдынча уруксаты жок пайдаланып жаткан ( тосмолорду тосуп, тал теректерди кыйуу, сайдын шагылдарды ташуу ) жерлерди мыйзам чегинде кароого коюу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл аймагынын айыл чарбасына жарксыз жерлерди, айыл өкмөттүн фондунун жерлерин, суунун боюндагы жерлерди, майда массивдеги токойлорду кыюу, ээн жаткан жерлерди өз алдынча тосмолорду куруу, сайдын шагылын уруксат кагазы жок ташууларга мыйзамсыз пайдаланып жаткан жерлерге мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы белгиленсин.
2. Жогорудагы белгиленген айыл чарбасына жарксыз жерлерди, айыл өкмөттүн фондунун жерлерин, суунун боюндагы жерлерди, майда массивдеги токойлорду кыюу, ээн жаткан жерлерди оз алдынча тосмолорду куруу, сайдын шагылын уруксат кагазы жок ташууларга жеринен текшерүү жүргүзүп мыйзамсыз пайдаланып жаткан жарандарга Кызыл-Жар айыл өкмөтү менен келишим түзүп берүү жана келишим түзгөнгө көнбөгөн жарандарга “Бузлуулар кодекси”боюнча чара көрүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башкы адиси Абдилазиз уулу Бактыбек жана жер адиси А.Маметовго милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин токтомун аткарууга алуу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айыл кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |