Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 25-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 18-ноябры № 25/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылындагы Көк-Арт дарясынын боюндагы сайга “Балык чарба” куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын тургуну Эрназаров Автандилдин Көк-Арт дарясынын боюнча “Балык чарба” куруу үчүн 50 сотых жер сурап кайрылган билдирүүсү менен таанышып чыгып жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылын кесип өткөн Көк-Арт дарясынын боюндагы айыл чарбасына жараксыз суу фондусунун жеринен “Балык чарба” салууга 50 сотых жер бөлүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |