Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз кырк алтынчы сессиясы
2021-жылдын 15-февралы № 46-2
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатын, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан акча каражатын 100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан акча каражатын 100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин, жайыт пайдалануучуларынан түшкөн акча каражатын 100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатын 100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага тапшырылсын.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын максатуу иштетүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |