Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз кырк алтынчы сессиясы
2021-жылдын 15-февралы № 46-3
У.Салиева атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына курулган мини футбол аянтчасын ижарага берүү, иш графигин жана ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти туура пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. У.Салиева атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын четине курулган, кичи футбол аянтчасы Муркут айылынын тургуну Жунусалиев Даниярга У.Салиева атындагы орто мектебинин жетекчилиги менен түзүлгөн эки тараптуу ижара келишимин негизинде ижарага берилсин.
2. Ижара акысы, бир айга 8 000 (сегиз миң)сом болуп белгиленсин.
3. Ижара акысынан түшкөн акча каражатын, мектептин спорт аянтчасаындагы спорттук жабдыктарынын жана кичи футбол аянтчасынын оңдоп түзөө иштерине жумшоону камсыз кылуу жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк ”туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов |