Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-2
Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган депутат Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин жазган арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жөнүндөгү» мыйзамына ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган депутат Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызы канаттандырылып, депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын мандаттары мыйзамына ылайык, андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |