Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-3
Жайылма айылынын Ош-Кызыл-Кыя жолун бириктирген бөлүгүн жана айылдын Жолдошбай аялдамасынан тартып күн батыш жагына карай Сатыбалдыев Меңдинин үйүнө чейинки бөлүктөгү көчөсүнө эмгектин ардагери Эшматов Аким ажынын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жайылма айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын, Жайылма айылынын Ош Кызыл-Кыя жолу менен бириктирген бөлүгүн жана айылдык Жолдошбай аялдамасынан тартып күн батыш жакка карай Сатыбалдыев Меңдинин үйүнө чейинки бөлүгүндөгү көчөсүнө эмгектин ардагери Эшматов Аким ажы ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Камбаралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |