Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-4
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыгын бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жеткечилеринин катышуусунда депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк»боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү » мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнө 2013,6 сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 2021-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар планы №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү бекитилген суммага 2021-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |
Төөлөс айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги сессиясынын № 43-4 токтомуна №1 тиркеме. |
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен 2021-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
01.01.2021-жылга эсептик счетундагы калдык | 2013,6 |
Кирешелер жыйынтыгы | 2013,6 |
Экономикалык чарбага | 520,0 |
Комуналдык чарба | 499,6 |
Билим берүү | 760 |
Атайын каражат | 164,0 |
Спорттук | 70,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 2013,6 |
Төөлөс айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
О. Калмурзаев. |