Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 43-6

Төөлөс айылынын жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча нараазычылыктары жөнүндө

Төөлөс айылдык жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүнүн жашоочуларынын арызын, суроо талаптарын канааттандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча нараазычылыкар эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин адистери, айыл өкмөтүнүн жер адистери менен биргеликте жогоруда белгиленген нараазычылыктардын үстүндө иш алып барып жыйынтыгын 20-февралга чейин айылдын тургундарына маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Абдырахманов.