Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-7
Жайыт жерлеринин жер маселелери, турак жай куруу боюнча жер тилкелерин туура берүү жөнүндө
Жайыт жерлеринин жер маселелери, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин туура берүү жөнүндөгү Меркит, Муркут, Суу-Коробос_1, Суу-Коробос 2, жаңы конуштарынын жашоочуларынын суроо талабын канааттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлеринин жер маселелери боюнча жана турак жай курууга жер тилкелерин туура берүү жөнүндө айыл тургундарынын нараазычылыгы эске алынсын.
2. Айылдык жайыт комитетинин төрагасы А.Темиров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго Муркут айылында 25-январь 2021-жылы өткөн жалпы жыйында түзүлгөн комиссия менен биргеликте
- Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүндө жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге көп жылдык мөөнөткө ижарага бербөө маселесин.
- Жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү жөнүндөгү нараазычылыктар жөнүндөгү маселесин.
- Жайыт жерлериндеги жер маселелери боюнча жана турак жай куруу боюнча жер тилкелерин туура берүү жөнүндөгү маселелери боюнча айылдын жашоочуларынын суроо талабын 20-февралга чейин канааттандыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук,мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |