ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-8
Жайылма айылынын «Бак» жаңы конушундагы жаңы көчөсүнө Салиев Бакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жайылма айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айылынын «Бак» жаңы конушундагы жашоочулардын арызы канаатандырылып жаңы көчөгө Салиев Бакирдин ысмы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Камбаралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |