Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 43-9
Төөлөс айыл аймагынын билим берүү тармагына адабий китептердин сатып алууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кеңеш айылынын тургуну Э. Өсөровдун арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү тармагындагы китепканалардын китеп фондун кеңейтүү жана мектеп окуучуларын адабий китептерге болгон муктаждыктарын чечүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын билим берүү тармагына адабий китептерди сатып алууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кеңеш айылынын тургуну Э.Өсөровдун арызы канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага билим берүү тармагына адабий китептерин сатып алууну каржылоо маселесин уюштуруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |