Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк экинчи сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 42-12
Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн киреше булагын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 2009-жылдын 27-июнундагы № 255 мыйзамынын жер салыгынын ставкалары жөнүндөгү 49-бөлүмүнүн №337 беренесинин 6-пункутуна жана ушул эле мыйзамдын 339-беренесинин 4-пункутуна негизденип, кыртыштын бонитетин эске алып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкү өлчөмдө
1. Сугат айдоо 1га * 500 сомго
2. Кайрак айдоо 1га *75 сом 30 тыйынга
3. Бак аянттары 1га * 281 сом 90 тыйынга көбөйтүлсүн
2. Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкларын 0,2 коэффициентке көбөйтүлсүн
3. Жогорудагы көбөйтүлгөн салыктардын үстүндө финансалык эсеп-кысап иштерин алып баруу жана аткарылган иштер боюнча айылдык кеңешке маалымат берүү жагы каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов |