Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк экинчи сессиясы

2020-жылдын 25-декабры № 42-11

Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында «Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу» жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 29-мартындагы «Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу» жөнүндөгү № 01-1 кайрылуусун канатандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 29-мартындагы «Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу» жөнүндөгү № 01-1 кайрылуусун эске алып, айыл өкмөтүнүн аймагында Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборун уюштурууга макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборун уюштурууну жетекчиликке алуу, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Камбаралиевге милдеттендирилсин.

 

Төөлөс айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Абдырахманов.