Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк экинчи сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 42-10
«Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы» аттуу экинчи китеби жарык көрүүсүн каржылоого көмөк көрсөтүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 1-10-1762 сандуу «Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы» аттуу экинчи китебинин жарык көрүлүшүнө колдоо жөнүндөгү сунушун канааттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 1-10 -1762 сандуу катына көмөк көрсөтүү жөнүндөгү сунуштоосу эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен «Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы» атуу экинчи китебине акча каражатын каржылоо жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алып көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |