ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк экинчи сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 42-4
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарына, айыл аймактагы ички жайыттарды тактоо жана малдын санын так жүргүзүү иштерин аткаруу жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |