Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 44-1
Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт пайдалануучуларынын 2021-жылы жакшы шарттарды түзүүнү камсыз кылуу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин иш планын толугу менен аткаруу жана иштери боюнча жыл ичинде маалымат берүү жагы жайыт комитетинин тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу «Айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Абдырахманов. |