Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 7
Кышкы сарай салуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевдин кышкы сарай салуу үчүн жерлерге макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайылма айылындагы Жаман-Кырчын участогунан 0,05 га жана Күнгөй-Өтөк участогунан 0,10 га жер аянтын кышкы сарай салуу үчүн макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Экономика, инвеситицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
И.Ж. Эрмаматов |