КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-ноябры № 1
Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү саат 1000 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү саат 1000 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.
2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергеновага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
И.Ж. Эрмаматов |