КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2020-жылдын 27-ноябры № 4
Кашка-Суу айылына магазин, желимдөөчү жана унаа жуучу жай куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевдин Кашка-Суу айылына дүкөн, желимдөөчү жана унаа жуучу жай куруу үчүн Кашка-Суу участогунан жер берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылына дүкөн, желимдөөчү жана унаа жуучу жай куруу үчүн Кашка-Суу участогунан 0,30 га жер аянты жеңил курулуш куруу менен убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Кашка-Суу айыл аймагынын өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншовке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
Ы.Ж. Эрмаматов |