Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 2
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу жөнүндөгу кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын суунун боюндагы жаёы түшкөн көчөгө айыл элинин, көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен Очубек уулу Давут деген ат ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана ирээттүүлүгүн карап туруу көчө башчыларына жана туугандарына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо маркумдун туугандарына, иниси Кашка-Суу айылынын тургуну Игамкулов Бөбөкбек Очубековичке жана Кашка-Суу айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби,мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин төрагасы |
И.Ж. Эрмаматов |