Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 3
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу жөнүндөгу кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылынын жогорку жагындагы жаңы түшкөн көчөгө айыл элинин, көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен Айтбаев Мамадияр деген ат ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана ирээттүүлүгүн карап туруу көчө башчыларына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо маркумдун туугандарына, уулу Кашка-Суу айылынын тургуну Айтбаев Улукбек Мамадияровичке жана Кашка-Суу айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби,мыйзамдуулук,депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин төрагасы |
Ы.Ж. Эрмаматов |